Эл аралык билим берүү программалары колледжинин кыздар волейбол командасы спартакиаданын жеңүүчүсү!

2026-11-13 05:26:19 19

Эл аралык билим берүү программалары колледжинин кыздар волейбол командасы спартакиаданын жеңүүчүсү! Бишкек шаарында «Жаштык» дирекциясы тарабынан Кыргыз Республикасынын жалпы орто кесиптик билим берүү уюмдарынын арасында уюштурулган спартакиадада Эл аралык билим берүү программалары колледжинин волейбол боюнча кыздар курама командасы жогорку чеберчилигин, күчтүү даярдыгын жана командалык биримдигин көрсөтүп, ардактаган 1-орунду багындырышты! 04 Мелдештин жүрүшүндө студент кыздарыбыз атаандаштарына каршы тайманбастык менен күрөшүп, спорттук чеберчилигин, жеңишке болгон эркин жана ынтымагын даңазалай алышты. Алардын талыкпаган машыгууларынын, тынымсыз аракеттеринин жана машыктыруучуларынын эмгегинин натыйжасында команда жеңишке жетишип, диплом жана кубок менен сыйланышты. Бул жетишкендик — колледжибиздин студенттеринин билим алуу менен бирге спорт тармагында да ийгиликтерге жетишип, ар тараптуу өнүгүп жаткандыгынын айкын далили. Жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу, алардын талантын колдоо жана жетишкендиктерин баалоо билим берүү мекемеси үчүн маанилүү багыттардын бири болуп саналат. Ошондой эле жеңүүчү кыздарыбыздын ийгилигин колдоо жана алардын эмгегине дем берүү максатында Ош мамлекеттик университетинин Кесиптик бирлик комитети тарабынан 30 000 (отуз миң) сом өлчөмүндө акчалай сыйлык бөлүнүп берилди. Бул колдоо студенттер үчүн чоң кубаныч тартуулап, мындан аркы окуу жана спорттук жетишкендиктерге умтулуусуна кошумча дем-күч берди. Өз кезегинде кесиптик бирлик комитетинин төрагасы А.Э. Саттаров студент кыздарыбызды жеңиши менен куттуктап, аларга окуудагы жетишкендиктерди, бекем ден соолукту, алдыга койгон максаттарына жетүүнү жана келечектеги спорттук мелдештерде дагы көптөгөн жеңиштерди багындырууну каалады. Ошондой эле жаштардын ар бир ийгилиги — алардын жеке аракетинин гана эмес, аларды колдоп, шыктандырып турган жамааттын да жалпы кубанычы экендигин белгиледи. Алардын бул ийгилиги башка студенттерге үлгү болуп, билимде да, спортто да бийик максаттарды көздөөгө шыктандырсын. Алдыда дагы далай жеңиштер, жаңы жетишкендиктер жана кубанычтуу жаңылыктар болсун! Жеңишиңер кут болсун, кымбаттуу студент кыздарыбыз! Ар дайым бийиктиктерди багындырып, колледжибиздин намысын коргоп жүрө бергиле!