Ош мамлекеттик университетинде профсоюз комитетинин уюштуруусу менен ОшМУда эмгектенип жаткан кызматкерлердин балдары үчүн Жаңы жылдык майрамдык иш-чара өткөрүлдү.

2025-12-27 16:45:38 29

Ош мамлекеттик университетинде профсоюз комитетинин уюштуруусу менен ОшМУда эмгектенип жаткан кызматкерлердин балдары үчүн Жаңы жылдык майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө балдар үчүн кызыктуу концерттик программа уюштурулуп, оюн-зооктор өткөрүлдү. Майрамдын соңунда профсоюз комитети тарабынан кызматкерлердин балдарына Жаңы жылдык белектер тапшырылды. Бул иш-чара балдардын майрамдык маанайын көтөрүп, аларга унутулгус кубаныч тартуулады. Профсоюз комитети кызматкерлердин социалдык колдоосуна багытталган мындай иш-чараларды мындан ары да уланта бермекчи.