ОшМУда жамаатка жаңы жылдык майрам уюштурулду

2025-12-27 16:30:38 38

24-декабрда Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусунда окуу жайда эмгектенген кызматкерлер үчүн жаңы жылдык майрамдык иш-чара өттү. Майрамдын алкагында окуу жайда 2025-жылда аткарылган иштер жана жетишкендиктер камтылган видео көрсөтүлдү. Анда ректор Кудайберди Кожобеков жыл ичиндеги негизги окуяларга токтолуп, жамаатты келе жаткан жаңы жыл менен куттуктады. Ошондой эле ынтымакта иш алып барып, 2026-жылы да университет үчүн жаңы ийгиликтерге жетүү тилегин билдирди. Майрамга келгендер үчүн ОшМУнун Кесиптик бирлиги тарабынан чакан фуршет уюштурулуп, концерттик программа тартууланды. Иш-чара жамаатка көтөрүңкү маанай тартуулоону жана жыл жыйынтыгын чыгарууну максат кылды. Белгилей кетсек, 25-декабрда студенттер үчүн жаңы жылдык майрамдык иш-чара уюштурулат. Ал эми 27-декабрда университет кызматкерлеринин 10 жашка чейинки балдары үчүн жаңы жылдык балаты майрамы өтмөкчү.