ТУРКИЯДА V ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ КОНГРЕСС
2025-жылдын 4-декабрынан 7-декабрына чейин Анталияда (Түркия) V Эл аралык
инженердик жана табият илимдеринин илимий конгресси өттү. Түркия профсоюзу
Türk Eğitim-Sen жана Евразия билим берүү профсоюздарынын Эл аралык биримдиги
(UAESEB) тарабынан уюштурулган иш-чара көрүнүктүү окумуштуу, профессор Октай
Синаноглунун 90 жылдыгына жана анын дуйнөдөн кайткандыгынын 10 жылдыгына
арналды.
Конгресске дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүнүн окумуштуулары, илимий кызматкерлери,
университеттеринин, илимий борборлорунун, профсоюздун өкүлдөрү катышты.
Программада 460тан ашуун илимий доклад камтылган, алардын арасында билим
берүү, илим жана жогорку окуу жайларынын кызматкерлеринин тармактык
профсоюзунун мүчөлөрү тарабынан даярдалган изилдөөлөр маанилүү орунду
ээлейт.
Делегациянын составында Кыргыз Республикасынын билим жана илим
кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин төрагасы С.А.
Боёнов жана төраганын орун басары А.О. Кудайкулов, ОшМУнун кесиптик
бирлигинин төрагасы, доцент А.Э Саттаров расмий программага, эл аралык
талкууларга жана жумушчу жолугушууларга катышты. Конгрессте илимий
кызматташтыкты өнүктүрүүгө, билим берүү жана илим кызматкерлеринин эмгек
укуктарын коргоо боюнча профсоюздардын ролу жөнүндө баяндамалары жасалды.
Төрага С.А. Боёновдун айтуусунда, Эл аралык Конгресске катышуу
Кыргызстандагы илимий чойросунун позициясын, жаш илимпоздордун потенциалын
көрсөтөт жана инженердик жана табигый илимдер боюнча кызматташуунун
бекемдейт, кийинки VI Эл аралык Конгрессти Кыргызстанда откорууну
сунуштады.