ОшМУнун профсоюз комитети тарабынан сыйлыктар берилди

2025-10-27 15:38:24 266

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасынын кеңешчиси, полковник Жунусов Абдыкадыр Арынович жана Ош мамлекеттик университетинин профсоюз комитетинин төрагасы А.Э.Саттаров ОшМУнун профессордук окутуучулук курамы жана жалпы кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады. 19-октябрь Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата 14-октябрь күнү коомдук жана профсоюздук иштерге активдүү катышкандарга, Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитети тарабынан, билим жана илим профсоюзунун “Мыктысы төш белгиси” менен 10 мугалимди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитетинин “Ардак грамотасы” менен 6 мугалимди, ОшМУнун кесиптик бирлигинин “Ардак грамотасы” менен жалпысынан 70 кызматкерге сыйлыктарды, гүлдестелерди тапшырды.