ОшМУда мугалимдер күнү белгиленди

2025-10-27 15:30:46 209

Ош мамлекеттик университетинин профсоюз комитети 6-октябрда Ош шаарындагы ресторандардын биринде мугалимдердин эл аралык кесиптик майрамына карата салтанат уюштурду. Иш-чарага профессордук-окутуучулук курам жана жалпы кызматкерлер катышты. Ректор Кудайберди Кожобеков университетте эмгектенип жаткан бардык профессордук-окутуучулук курамды кесиптик майрамы менен куттуктады. Ошондой эле учурда мамлекет тарабынан жана окуу жайдын жеке демилгеси менен окутуучуларга көрүлүп жаткан камкордуктар, билим сапатын көтөрүүгө, жаңыланууга карата түзүлүп жаткан иш-аракеттер, жетишкендиктер, аткарылып жаткан иштер, алдыга койгон бийик максаттары боюнча маалымат берди. Профессордук-окутуучулук курам арасында өткөрүлгөн “ОшМУнун заманбап лектору”, “ОшМУнун заманбап окутуучусу”, “Педагогикалык дебют”, “Заманбап СӨАИ чебери”, “ОшМУнун заманбап окуу басылмасы-2025” сынактарынын жеңүүчүлөрү сертификат, диплом, акчалай сыйлыктар менен сыйланды. Андан сырткары 2024-2025-окуу жылынын рейтингинин жыйынтыгы боюнча алдыңкы орунга жетишкен 10 окутуучуга Илим жогорку, билим берүү жана инновациялар министрлигинин ыраазычылык каттары тапшырылды. Салтанаттын жүрүшүндө окуу жайдын таланттуу окутуучулары жана студенттери тарабынан концерттик программа тартууланды.